Казакстан кумшекерди тышка сатууга тыюу салды

Казакстан кумшекерди тышка сатууга тыюу салды

Казакстанда алты айга шекерди экспорттоого тыюу салынды. Бул тууралуу Кapital.kz бизнес-маалымат агенттиги айыл чарба министринин буйругуна таянып жазып чыкты.

Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 4-майындагы буйругунда “Ак кантты жана чийки камыш кантты Казакстандын аймагынан алты айга экспорттоого тыюу салуу киргизилсин” деп айтылат.

Буйрук биринчи расмий жарыяланган күндөн тартып он календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Буга чейин Айыл чарба министрлигинин башчысы Ербол Карашукеев Казакстан кумшекер менен өзүн 7% гана камсыздай турганын билдирген. Бирок аны өндүрүүнү 7 эсеге, 254 миң тоннага чейин көбөйтүү пландалып жатканын айтып, бул чектөө продуктунун импортун 32%га кыскартаарын белгилеген.

Апрель айында Казакстан кант импорту үчүн квотаны нөлдүк чен менен жогорулатканы кабарланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>