Казакстан Кыргызстан, Азербайжан жана Түркия менен жүк ташууларды санариптештирди

Казакстан расмий түрдө Кыргызстан, Азербайжан жана Түркия менен эл аралык жүк ташууларга уруксат кагаздарынын электрондук бланктарын (E-Permit) алмашууну ишке киргизди. Санариптештирүү логистиканы жөнөкөйлөтүүгө, административдик тоскоолдуктарды алып салууга жана транспорттук компаниялар үчүн бюрократиялык жол-жоболорду минималдаштырууга багытталган.
Эми казакстандык ташуучулар уруксат кагаздарын elicense.kz порталы аркылуу онлайн тариздей алышат. Тутум электрондук кезекти башкаруу менен интеграцияланган QR-кодду сканерлөө аркылуу чек арада верификациядан (текшерүүдөн) өтүүгө мүмкүндүк берет. Буга чейин мындай механизм Кытай жана Өзбекстан менен кызматташууда ийгиликтүү киргизилип, чек арадан өтүүдө жогорку натыйжалуулукту көрсөткөн.
Транспорт министрлиги уруксат кагаздарын үчүнчү жактар аркылуу сатып алууга жол берилбестигин эскертет. Берилген электрондук бланктар тууралуу бардык маалыматтар өнөктөш өлкөлөрдүн маалыматтык тутумдарына автоматтык түрдө өткөрүлүп берилет. Мыйзам бузуулар же маалыматтардын дал келбестиги аныкталган учурда, тутум дароо өтүүгө бөгөт коёт, бул өлкөгө кирүүгө тыюу салууга жана жоопкерчиликке тартууга алып келет.