Бишкек өзгөрүүдө, жана бул талаш-тартыштарды жаратууда — академик Чолпонкул Арабаев борбор калаанын келечеги тууралуу
Эмне үчүн Бишкек мэриясынын чечимдеринин айланасында талаш-тартыштар көбөйүүдө, чынында эле борбор калаа масштабдуу өзгөрүүлөргө муктажбы жана шаардын кескин өсүшүнүн кесепеттерин кантип жөнгө салуу керек? Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына берген маегинде Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Чолпонкул Арабаев айтып берди.

– Чолпонкул Исаевич, сиз борбор калаа муниципалитетинин ишине кандай баа бересиз?
– Бишкек — биздин өлкөнүн борбору, маданий жана экономикалык борбор. Акыркы жылдары ал эки миллион калкы бар эбегейсиз чоң мегаполиске айланды, бирок расмий маалыматтар боюнча бул жерде бир миллионго жакын тургун туруктуу жашайт.
Бүгүнкү күндө дүйнө динамикалуу темп менен өнүгүп жатат жана Бишкекке болгон мамиле да өзгөрүүдө. Белгилей кетсем, эгемендүүлүктүн 30 жылында бийлик борбор калаага тийиштүү көңүл бурган эмес.
Мен Бишкекке 1974-жылы Ат-Башы районунан келгем, ал кезде Кыргыз ССРинин борбору айылдык жигит үчүн укмуштуудай архитектурасы бар өзгөчө кооз шаар болуп көрүнгөн. Ал жылдары Фрунзе жашыл, компакттуу жана бүткүл союздук маанидеги көптөгөн өнөр жай ишканалары бар шаар эле.
Союз кулагандан кийин ишканалар тонолуп, кыйроого учурады. Ошол кездеги жетекчилер убада кылган дүйнөлүк деңгээлдеги жаңы ишканалар курулган жок.
Бүгүнкү шаар тууралуу эмне айтууга болот? Акыркы үч жылда, Айбек Жунушалиев борбор калаанын башчысы кызматына келгенден бери олуттуу оң өзгөрүүлөр болуп жатат деп ишенимдүү айта алам. Бул жол инфраструктурасын, архитектураны жана шаардын жалпы көрүнүшүн жакшыртууга тиешелүү. Албетте, бул өзгөрүүлөрдүн каршылаштары да, колдоочулары да бар.
Мисалы, ондогон шаардыктар троллейбустарды жоюуга каршы нааразычылыктарын билдиришти, бирок реформаны колдогондордун пикиринде, транспорттун бул түрү заманбап талаптарга жооп бербей калган. Эми алардын ордуна шаарда жаңы, заманбап жана ыңгайлуу автобустар каттап жатат.
Ошондой эле, “Ысык-Көл” мейманканасы тарыхый баалуулукка ээ жана аны бузбоо керек деп эсептеген оппозициялык маанайдагы саясатчылар менен алардын тарапкерлери тарабынан да нааразычылыктар болгон. Бирок практика көрсөткөндөй, “Ынтымак Ордону” куруу чечими өз убагында кабыл алынган.
– Бак-дарактардын кыйылышы жана шаарды көрктөндүрүү боюнча эмне айта аласыз?
– Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти катары Ботаникалык бакка мэрия тарабынан олуттуу көңүл бурулуп жатканын белгилегим келет. КР УИАнын Биология институту жана Токой институту Бишкектеги бак-дарактарды дарылоодо муниципалитетке активдүү жардам берип жатат.
Сиздер билесиздер, мындан үч-төрт жыл мурун шаардагы көптөгөн бак-дарактар начар абалда болчу. Мэрия менен биргеликте акыркы бир жарым-эки жылдын ичинде биз көптөгөн дарактарды дарылоого жетиштик.
Алардын көбү эскирип, заманбап талаптарга жооп бербей калганын да унутпашыбыз керек. Тилекке каршы, бул тармактын бардык сырларын түшүнбөгөн адамдар бак-дарактардын кыйылып, алардын ордуна курулуштардын жүрүп жатканына нааразы боло башташат, бирок курулушсуз өлкө өнүгө албайт.
Ботаникалык бактын азыркы абалынын ордуна заманбап дендрологиялык жана жайлуу жашыл бурч пайда болушу керек, ал шаардын көркүнө көрк кошот.
Ошондой эле, 2026-жылдын 18-июнунан 21-июнуна чейин Кыргызстанда Чыңгыз Айтматов атындагы мааракелик 40-Эл аралык Ысык-Көл форуму өтөрүн, ал эми таза жана көрктөндүрүлгөн борбор калаа мындан улам гана утушка ээ болорун эске салгым келет.
– Бирок реалдуу оңолуулар болуп жатса да, ар бир экинчи шаар тургуну нааразы боло бергени мүмкүн эмес го?
– Бул адам табияты: адамдар оң жактарын байкабай, көп иштегендерди сындаганга жакын келишет. Албетте, мэрия шаардыктардан оң бааларды да алып жатат. Тургундар менен байланышты кармап, алардын пикирлерин жана кооптонууларын угуу, келип чыккан көйгөйлөрдү талкуулоо жана чечүү жолдорун табуу маанилүү.
Мындан тышкары, мэрия таштанды чыгаруу көйгөйүн ийгиликтүү чечкенин белгилегим келет — эми ал өз убагында чыгарылууда. Өлкөдө таштандыны кайра иштетүүчү завод да иштей баштады, бул алдыга ташталган олуттуу кадам. Мурдагы объекттин ордунда заманбап ишкана түзүлүүдө, ошондой эле аймакты көрктөндүрүү жана эс алуу зонасын түзүү пландаштырылууда.
– Шаардыктар муниципалдык кызматтар тарабынан кетирилген кемчиликтерди көп айтышат жана бул жөндүү да.
– Мен өзүм да куруучуларга көп эскертүү берем. Бизде мындай болот: экөө иштейт, ал эми бешөө жөн эле карап турат. Андайлар менен эмгек келишимдерин бузуу керек.
Шаардыктар сапатсыз аткарылган иштерди көрсөтүүгө толук укуктуу, анткени ар кандай жумушту сапаттуу жана өз убагында жасоо керек, анын үстүнө муниципалдык кызматтардын кызматкерлери татыктуу айлык акы алып жатышат.
– Анда оболу Айтматов проспектисиндеги кирип-чыгуучу жолдорду (заезддерди) жаап, эми аларды кайра ачышат экен деген кабар тараганда, мэрия эмнени көздөдү эле?
– Менимче, биринчи кезекте шаардыктар үчүн шарттарды түзүү зарыл. Кыязы, бул трасса өкмөттүк экенин эске алышкан окшойт. Бирок, албетте, баарын толугу менен жаап салуунун кажети жок болчу, алдыдагы өзгөрүүлөр жана чектөөлөр тууралуу тургундарга алдын ала маалымат берүү керек эле.
Шаардыктар муну түшүнмөк. Ал эми светофорлорду алып салып, өтмөктөрдү жаап салганы — бул анча туура эмес болуп калды. Бирок азыр кирип-чыгуучу жолдор ачылат, жол алты тилкелүү болду, кооз чырактар орнотулуп, жетиштүү санда бак-дарактар жана гүлдөр отургузулду.
– Ошондой эле шаардыктар Айтматов проспектисинде кыйылган теректер үчүн мэрди кечире албай жатышат. Академик катары бак-дарактар оорулуу болчу деп эсептейсизби?
– Билесизби, 1977–1978-жылдары студент кезибизде ал бактарды өзүбүз отургузганбыз. Көп жылдар өттү, алар чындап эле карып калышты. Аларды кыярдан мурда муниципалитет тармактык мамлекеттик органдардын тиешелүү корутундусун алган деп ойлойм — ансыз мындай чечимдер кабыл алынбайт.
Бирок алардын ордуна “бир бак кыйылса — ордуна он бак тигилет” деген принцип менен жаңы көчөттөр отургузулду. Эгер он дарак кыйылса, демек, жүздү отургузуу керек.
Жогоруда айтканымдай, акыркы отуз жылдын ичинде Бишкек калктын санынын өсүшү жана шаардын ландшафтынын өзгөрүшүнө байланыштуу бир катар олуттуу чакырыктарга туш болду. Биздин борбор калаа белгилүү бир сандагы тургундарга эсептелген, бирок бүгүнкү күндө бул сан кыйла өстү. Шаар 500 миңге жакын адамдын ыңгайлуу жашоосу үчүн долбоорлонгон болсо, азыр калктын саны бир миллиондон ашты. Бул инфраструктура, экология жана шаардыктардын жашоо сапаты үчүн олуттуу көйгөйлөрдү жаратат.
Адамдар баары эле жөнөкөй эмес экенин түшүнүшү үчүн, мен калктын өсүшү менен байланышкан көйгөйлөрдү санап берейин. Тургундардын санынын көбөйүшү транспорт системасынын, суу менен камсыздоо жана канализация системаларынын ашыкча жүктөлүшүнө алып келет. Биздин жолдор унаалардын агымына туруштук бере албай, жол тыгындарын жаратып, экологиялык абалды начарлатууда.
Калктын өсүшү турак жай тартыштыгына да алып келет, бул өз кезегинде кыймылсыз мүлктүн жана ижаранын баасынын көтөрүлүшүнө себеп болот. Көптөгөн үй-бүлөлөр тар шарттарда жашоого мажбур.
Мындан тышкары, калктын көбөйүшү билим берүү жана медициналык мекемелерге кошумча жүк жаратат — класстар ашыкча толуп, бейтапканалардагы кезек күтүүлөр көнүмүш адатка айланууда.
– Кырдаалдан чыгуунун жолун кандай көрөсүз?
– Калктын өсүшүн эске алуу менен шаардык инфраструктураны комплекстүү пландаштыруу зарыл: жаңы жолдорду куруу, барларын кеңейтүү жана коомдук транспортту өркүндөтүү.
Шаардын жашыл зоналарын максималдуу түрдө сактап жана калыбына келтирип, жаңы сейил бактарды жана гүлбактарды (скверлерди) түзүү керек — бул экологиялык абалды жакшыртууга жана шаардыктардын жашоо сапатын жогорулатууга жардам берет. Калктын ар кандай катмарлары үчүн жеткиликтүү турак жай куруу программаларын иштеп чыгуу зарыл. Бул мамлекеттик да, жеке демилгелерди да камтышы мүмкүн.
Билим берүү жана медициналык мекемелерди каржылоону көбөйтүп, алардын тармагын кеңейтүү керек — бул учурдагы жүктөм менен күрөшүүгө жардам берет.
Биргелешип иштөө керек. Бул багытта мэрия гана эмес, акимиаттардын да активдүү иштеши өтө маанилүү.
Чечимдерди кабыл алуу процессине шаар тургундарын да тартуу, коомдук угууларды жана сурамжылоолорду өткөрүү керек, бул шаардыктардын реалдуу муктаждыктарын жана көйгөйлөрүн аныктоого жардам берет.
Бишкек борбор шаар катары калктын өсүшү менен байланышкан чакырыктарга ыңгайлашуусу тийиш. Сунушталган чараларды ишке ашыруу шаардыктардын жашоо сапатын жакшыртууга, ыңгайлуу жана коопсуз шаардык чөйрөнү түзүүгө, ошондой эле борбордун келечекте туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Бийлик менен коомдун биргелешкен күч-аракеттери аркылуу гана олуттуу өзгөрүүлөргө жетишүүгө жана Бишкекти жашоо үчүн ыңгайлуураак кылууга болот.
– Бишкектиктерге эмне каалар элеңиз?
– Шаарга жана шаардык чөйрөгө карата жоопкерчиликтүү мамиле кылуу маданиятын калыптандыруу зарыл. Негизи борбордун тургуну деген ким? Ал — маданияты жогору, заманбап билимдүү жана китеп окуган адам. Адамдар театрларга жана киного барып, бош убактысын маданий жактан өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек.
Шаарды кыдырып жүрүп арыктардагы таштандыны көргөндө, же шаардын сыртына жаратылышка чыкканда ушундай эле көрүнүшкө туш болгондо абдан кейийсиң. Адам ушинтип да эс алабы?