Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Казакстан Кыргызстанга КММ жеткирүү маселесин өз кызыкчылыктарын эске алуу менен карап чыгат
07.07.2026 | 17:16

Казакстан Кыргызстандан КММ (күйүүчү-майлоочу материалдар) жеткирүү өтүнүчү жазылган расмий кат алды. Бул кайрылуу каралып жатат, деп билдирди Казакстандын энергетика вице-министри Кайырхан Туткышбаев.
Ал: «Жооп берүүгө дагы убакыт бар», — деп кошумчалады.
«Бирок дагы бир жолу кайталап кетейин: жооп биздин өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен берилет. Жеткирүүнүн көлөмү тууралуу азырынча сөз боло элек. Учурда КММ жеткирүү мүмкүнчүлүгү гана талкууланып жатат», — деди Туткышбаев.
Буга чейин вице-министр Казакстан өкмөтүнүн жыйынынын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында «Казакстан коңшу өлкөлөргө КММ экспорттоону караштыра элек» деп билдирген болчу.
Туткышбаев биринчи кезектеги милдет — Казакстандын жарандарын жана ички рынокту күйүүчү май менен камсыз кылуу бойдон кала берерин баса белгиледи.
«Жана, албетте, эгерде өз ара пайдалуу шарттарда чектеш өлкөлөргө кандайдыр бир күйүүчү май жеткирүү мүмкүнчүлүгү пайда болсо, биз аны карап чыгабыз. Бирок бүгүнкү күндө чектеш өлкөлөргө КММ жеткирүү боюнча кандайдыр бир маселелер күн тартибинде жок», — деп белгилеген ал.