Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин ири бизнес-фестиваль өтөт

Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин дароо Борбор Азиядагы эң ири ишкердик фестивалы — «SHAMAL Festival» өтөт. Долбоордун уюштуруучулары Оюндардын уюштуруу комитети менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу жарыялашты.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда өтөт. Оюндарга дүйнөнүн 95ке жакын өлкөсүнөн 3 миңден ашык спортчу келери күтүлүүдө.
Ал эми 7-сентябрда Каркырада «SHAMAL Festival» башталат. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, иш-чара 10-сентябрга чейин созулуп, ага Борбор Азиянын булуң-бурчунан 5 миңге жакын ишкерлер, инвесторлор жана бизнес лидерлери чогулат.
Уюштуруучулар эки ири эл аралык иш-чаранын биринин артынан бири өткөрүлүшү чет элдик конокторго Кыргызстанда болуу мөөнөтүн узартууга жана ишкердик программага катышууга мүмкүнчүлүк берерин белгилешет.
Алардын баамында, бул туристтик агымды көбөйтүүгө, өлкөгө кошумча эл аралык көңүлдү бурууга, мейманкана бизнесин, транспортту, тейлөө чөйрөсүн жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого жардам берет.
«SHAMAL Festival» алкагында 20дан ашык спикердин, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана аймактагы ири бизнестин өкүлдөрүнүн чыгуулары пландаштырылган.