Казакстан: Суу ташкындан 180дей үй жабыркап, эки киши набыт болду

Казакстан: Суу ташкындан 180дей үй жабыркап, эки киши набыт болду

Батыш Казакстан облусундагы 180дей үй суу ташкынынан жабыркап, эки адам да набыт болду. Бул тууралуу КазТаг жазып чыкты.

Андагы маалыматка караганда, казакстандык блогер Эсентай Ниязбаев Батыш Казакстан облусундагы Аксай жана анын чет жакасындагы аймактарда 180дей суу ташкындын алдында калып, эки киши каза тапканын социалдык тармакка жазган.

«Аксай шаары жана ага жакын жайгашкан бир катар айылдар селден жапа чекти. 180дей үйдү суу каптады. Бул — 80 үй-бүлө. Канча адам, канча бала? Макул, эртең суу кетет, бирок үйлөрдө ным калат. Батыш Казакстанда жайдын келишине эки ай калгандан кийин канча адам кургак учук менен ооруйт. Буга чейин селден эки адам каза болгон. Адамдар үйлөрүнө кайык менен барышат – ойлонгулачы, бул кандай абсурд!» деп жазды Ниязбаев Instagram баракчасына.

Азырынча расмий бийлик толук маалымат бере электигин кабарлады жергиликтүү басылма.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>