Садыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылдыЖК комитети инвесторлорго жер берүүнүн жаңы эрежелерин жактырдыДКО: көк бөрү жана көк парга кире албагандар билеттин акчасын кайтарууга 20-сентябрга чейин билдирме бериши керек
Казакстан жакын арада “Кордайды” ачууга даяр
03.03.2021 | 17:03
Жакынкы аралыкта Казакстан кыргыз-казак чек арасында жаңыланган “Кордай” өткөрүү пунктун ачууга даяр. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдиргенин аталган өлкөнүн расмий сайтына жарыяланган.
Токаев эки тараптуу кызматташуунун маанилүү аспектиси – чек арада өлкөлөр аралык мүмкүнчүлүктү жогорулатуу экенин белгиледи.
“Жабдуулар жаңыртылды, сегиз тилкелүү унаа жолу курулду жана бул иш улантылат, паспорттук көзөмөл режими өркүндөтүлдү. Бул эки өлкөнүн ортосундагы жүргүнчүлөрдү ташууну жана транспорттун көлөмүн кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берет”, – деди Казакстан президенти.
Токаевдин айтуусунда, келишимге ылайык, Кыргызстан жакын арада “Ак-Жол” өткөрүү пунктундагы тиешелүү иштерди бүтүрөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом