Казакстанда акыркы суткада 1500ге жакын адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда акыркы суткада 1500ге жакын адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда акыркы бир сутканын ичинде 1 403 кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын 814дө оорунун белгилери жок. Бул тууралуу өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу расмий маалыматтарды жарыялаган coronavirus.kz сайты жазды.

Акыркы күндөрү Атырау облусунда вирус жуктургандар тездик менен көбөйүүдө. Акыркы төрт күндөн бери бул аймакта күнүнө 300дөн ашык жаңы учурдан катталып, илдетке кабылгандардын жалпы саны 5791ге жетти.

Жекшемби күнү кечинде өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги Алексей Цой Казакстанда вирус жуктургандардын жалпы саны 48 миңден ашып, 232 бейтап каза болгонун билдирген.

Акыркы 1-2 аптадан бери Казакстанда анализи таза чыккан адамдардын арасында пневмония менен ооругандар көбөйүүдө. Медиктер бул коронавирус инфекциясына байланыштуу болушу мүмкүндүгүн билдиришүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>