Казакстанда курултай мобилдик тиркеме аркылуу өтөт

Казакстанда курултай мобилдик тиркеме аркылуу өтөт

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жарандарды курултайга мобилдик тиркеме аркылуу тартууну сунуштады. Бул туурасында КазТаг жазып чыкты.

«Курултайга канча адам катышканы менен коомчулукту толук камтууга мүмкүн эмес деп жатышат. Бирок курултайчылардын санын көбөйтүүдөн эч кандай пайда жок. Бул анын ишине зыян келтириши мүмкүн. Курултай – бул жөн эле белгилүү адамдардын жолукчу жери эмес. Негизи улуттук ассамблея болуп калышы керек. Бул абдан маанилүү милдет. Ал үчүн биз жаңы санариптик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланышыбыз керек. Ошондо мамлекет менен элдин мамилеси эффективдүү болот», — деди Токаев бейшемби күнү Улуттук Курултайда.

Буга байланыштуу мамлекет башчысы атайын “Qurultay” мобилдик тиркемесин иштеп чыгууну сунуштады.

«Бул жарандарга өлкөнү модернизациялоо боюнча өз пикирин онлайн билдирүүгө жардам берет. Жарандар реформанын чыныгы үзүрүн көрүшү керек. Ошондой эле ага түздөн-түз катыша алышы керек. Эң актуалдуу темалар боюнча казакстандыктардан интерактивдүү сурамжылоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Казакстандыктар көйгөйлүү маселелерди чечүү жолдорун сунуштоо менен өлкөбүздүн жаңылануусуна салым кошо алат. Сиз кайрымдуулук иштерин координациялай турган так жана эффективдүү электрондук кызматты ишке киргизсеңиз болот. Мунун баары санариптик демократияны өнүктүрүү үчүн технологиялык платформанын негизин түзөт. Буга өнүккөн өлкөлөр умтулуп жатат. Биз дүйнөлүк цивилизациядан артта калбашыбыз керек. Улуттук Курултайдын электрондук версиясын түзүү зарыл. Ошондо ар бир жаран жаңы, адилеттүү Казакстанды түзүүгө катышат», — деп түшүндүрдү Токаев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>