Соцфонд каза болгон пенсионердин картасына акча которуп турган

Соцфонд каза болгон пенсионердин картасына акча которуп турган

2021-жылы Кыргызстандын Социалдык фондунун каржылык мыйзам бузууларынын жалпы көлөмү 195 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу Социалдык саясат боюнча комитетте Эсеп палатасынын аудитору Мукаш Арзыбаев билдирди.

Чиновник депутаттарга Социалдык фонд тарабынан бюджеттин аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы тууралуу айтып берди. Финансылык мыйзам бузуулардын суммасы 10 млн 580 миң сомду түздү.

Ошондой эле 9 миллион 419 миң сомго негизсиз эмгек акы төлөө, Эмгек кодексинде белгиленген 28 календарлык күндөн ашык убакытка созулган 7 миллион 954 миң сомго эмгек өргүү акысын төлөө фактылары аныкталган.

«Соцфонддун жетекчилигине дагы кошумча төлөмдөр берилип, бул мамлекеттик бюджеттин сарамжалсыз пайдаланылышына алып келген. Запастарды сатып алууда бухгалтердик эсептин стандарттары жана отчеттуулук тартиби сакталган эмес. Бул жерде 1 млн 113 миң сомдук зыян келтирилген», — деди Мукаш Арзыбаев.

Бузуулардын ичинен аудитор Соцфонддун Аламүдүн райондук бөлүмү тарабынан 13 ай ичинде каза болгон адамдын пенсиясын банк картасына чегергенин да белгиледи. Которулган пенсиянын жалпы суммасы 76,4 миң сомду түздү. Анын ичинен 54 миң сому кайтарылган. Ал эми 22 миң сом калдыгы дебитордук карызга киргизилген эмес.

  • “2021-жылы Социалдык фонддун каржылык мыйзам бузууларынын жалпы көлөмү 195 миллион 936 миң сомду түздү”, — деп жыйынтыктады Мукаш Арзыбаев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>