Казакстанда «Миржакып. Ойгон, казак!» тасмасы чуу жаратты

Казакстанда «Миржакып. Ойгон, казак!» тасмасы чуу жаратты

Казакстанда режиссер Мурат Есжандын «Миржакып. Ойгон, казак!» тасмасы коомчулукта кызуу талкууга алынып, колдоо тапты.

Кошуна өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары биринчи жолу казак тасмасы элди бириктирип, кинозалга топтогонун жазып чыгышты. Социалдык тармакта көрүүчүлөр пикирлери менен бөлүшүп, көз жашын токтото албай көргөнүн жана мындан ары улуттун тарыхына жана тилине мамилеси өзгөрөрүн айтышууда.

Коомчулуктун талабы менен «Миржакып. Ойгон, казак!» тасмасынын 4-октябрда токтой турган прокаты 13-октябрга чейин узартылды.

Анда казак жазуучусу Миржакып Дулатовдун өмүрү, 1930-жылдардагы окуялар, «Алаш Ордо» кыймылынын иштери баяндалат.

Миржакып Дулатов 1928-жылы кармалып, сүргөнгө жөнөтүлөт. «Алаш Ордо» кыймылынын активисттери 1930-жылдары репрессияга кабылып, атылган.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште сталиндик репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоор каралууда.

Репрессия курмандыктарын жана басмачыларды актоо мыйзам долбоору жактырылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>