Казакстанда окуучу кыз мектептин ажатканасында зордукталды — видео

Казакстанда окуучу кыз мектептин ажатканасында зордукталды — видео

Казакстанда 12 жаштагы мектеп окуучусу сабак учурунда ажатканада зордукталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

 Окуя 15-ноябрда Тараз шаарындагы №6 мектепте болгон.  Окуядан кийин ата-энелер мектеп жетекчилеринин жумуштан кетүүсүн жана жоопко тартуулусун талап кылышкан.

 “Окуучу кыз география сабагы учурунда суранып ажаатканага чыккан. Ал сыртка чыккан бойдон 45 мүнөт жок болгон, мугалим болсо аны жоктогон эмес.  Окуучу кыз зордукталган соң класска кирип, окуяны класс жетекчисине айтып берген. Ошондон кийин гана чара көрүлө баштаган. Мекетепке жалпысынан 20 камера орнотулган. Бирок камераны байкап турган күзөтчү да вахтер жумушг ордунда болгон эмес. Учурда өз ишине шалаакылык мамиле кылган мектеп директору жана окуу бөлүмүнүн башчысы жумуштан кеткен”, — деп айтылат маалыматта.

Кылмышкер 2 саат ичинде колго түшкөн. Ал 38 жаштагы мурда уурулук үчүн соттолгон адам болгон. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал эми окуучу кыз меткепке баруусун токтоткон. Мектеп психологу өспүрүм сабакка кайтууга даяр экенин, бирок ал колдоого муктаж экенин билдирген. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>