Казакстанда ОшМУнун филиалы ачылды

Казакстанда ОшМУнун филиалы ачылды

Казакстандагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде Ош мамлекеттик университетинин филиалы — кыргыз тили жана маданияты борбору ачылды.

Окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ОшМУнун филиалын Евразия улуттук университетинде ачуунун максаты — жогорку кесиптик билим берүүнүн эки багыты котормо жана котормо таануу (ангилис тили) жана орус тили жана адабияты багытында адистерди биргелешип даярдоо болуп саналат.

Ал эми филиалдын арты менен келечекте табият таануу, физика жана IT багыттары боюнча билим берүү программаларынын санын көбөйтүү каралган. Студенттер алгачкы эки жылы Ош шаарында, кийинки эки жылы Казакстанда билим алышат.

Буга чейин ОшМУда Евразия улуттук университетинин филиалы — казак тили жана маданияты борбору ачылган. Учурда борбордо 30 студент билим алууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>