Төрага Нурланбек Шакиев Россияга расмий иш сапары менен барды

Төрага Нурланбек Шакиев Россияга расмий иш сапары менен барды

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Россия Федерациясына расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, расмий сапардын алкагында Россиянын  Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен тар чөйрөдө жана кеңейтилген курамда жолугушат.

Жолугушууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова, Эльдар Сулайманов, Аида Исатбек кызы, Замирбек Мамасадыков, Эмилбек Джусупов, Фархат Исмаилов, Азамат Исираилов, Жалолидин Нурбаев жана Карим Ханджеза бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>