Казакстанда поезд астында калып 120дан көп кой өлдү

Казакстанда поезд астында калып 120дан көп кой өлдү
Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Алматы облусунда 120дан ашык кой поезддин астында калганын ИИМдин транспорт боюнча башкармалыгынын (ИИБ) маалымат кызматы билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 12-сентябрь күнү,  саат 1.24тө Алматы облусунун Жетиген-Күрөзек тилкесинде жүк ташуучу поезддин машинисти темир жолдон бир короо кой өтүп баратканын байкап калып, кагылышуудан качууга аракет кылып, авариялык тормозду баскан. Бирок кагылышуунун алдын алууга мүмкүн болбой, жалпы 530 койдун 123ү өлгөн. Поезд 13 мүнөткө токтогон.

Транспорттук милиция кызматкерлери бул жаныбарлардын ээси болгон Алматы облусунун Туганбай айылынын 36 жаштагы тургунун аныкташкан.

Казакстан Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 559-беренесинин 1-бөлүгү (Темир жолдун тилкесинде мал жаюу эрежелерин бузуу) боюнча административдик жоопкерчиликке тартылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>