Казакстанда коомдук жайда сөгүнгөндөргө жаза күчөтүлөт

Казакстанда коомдук жайда сөгүнгөндөргө жаза күчөтүлөт

Казакстанда майда бейбаштык үчүн, анын ичинде коомдук жайларда сөгүнгөндөргө, уят сөз сүйлөгөндөргө жаза күчөтүлөт.

Маалым болгондой, өлкө президенти тиешелүү өзгөртүүлөргө 3-январда кол коюп, ал расмий жарыялангандан кийин 60 күндөн соң күчүнө кирет. Ага ылайык майда бейбаштык үчүн 69 миң теңге (150 доллар) айып пул салынат же 30 күнгө чейин камакка алуу жазасы колдонулат.

«Азыркы тапта майда бейбаштык үчүн 17 миң теңге айып пул салуу же 15 суткага чейин камоо каралган. Жаңы редакция боюнча 69 миң теңге айып пул салынат же 5 суткадан 30 суткага чейин камалат», — дейт ИИМдин административдик полиция комитетинин өкүлү Азамат Куримбаев.

Соңку жылдары соцтармактарда Казакстандын шаарларынын коомдук жайларында моралдык-этикалык жүрүм-турум начарлаганы жөнүндө пикирлер айтылып келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>