Казакстанда учак кулады

Казакстанда учак кулады

26-февраль күнү түшкө маал Өскемен шаарына (Усть-Каменогорск) жакын Прапорщиково айлында Ан-2 үлгүсүндөгү учак кулады. Бул тууралуу Чыгыш Казакстан облусунун Өзгөчө кырдаалдар боюнча департаменти билдирди. Бортто беш адам болгон.

Жергиликтүү басылмалар аймактын саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчи орунбасары Владимир Лиге таянып, учкуч сынык-жараат бөлүмүнө жаткырылганын, калган төрт жүргүнчүнүн жарааты жеңил болгондуктан үйүнө жиберилгенин кабарлашты.

«Орлан 2000» авиакомпаниясына таандык Ан-2 учагы Чыгыш Казакстан облусунун борборунан санитардык тапшырманы аткаруу үчүн учкан. Кырсыкка учактын кыймылдаткычы күйүп кеткени себеп болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>