Казакстандын УККсы: “Ак-Тилек” постунан бир суткада 350 унаа өттү

Казакстандын УККсы: “Ак-Тилек” постунан бир суткада 350 унаа өттү

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Кыргызстан менен чек арадагы кырдаал жана аныкталган мыйзам бузуулар тууралуу маалымат таратты.

«Кыргыз-казак чек арасындагы «Карасу» (КР) – «Ак-Тилек» (КР) өткөрүү пунктунда өткөн суткада 350дөн ашык унаа Казакстандын аймагына киргизилди. Учурдагы мезгилге карата 80-100 унаадан турган кезек бар. Чек аранын казак-кыргыз тилкесиндеги башка автокөзөмөл бекеттеринде унаалар топтолгон жок», — деп айтылат маалыматта.

Бирок чек арачылар текшерүү учурунда көзөмөл өткөрүү жайларында мыйзам бузууларды аныкташкан. Унаалар техникалык кароодон өтүүчү жабдуулар жана кызматтык иттердин жардамы менен текшерилген.

Натыйжада баңги затын аткезчилик боюнча 35 факты, курал-жарак жана ок-дарылар боюнча 33 факт, жасалма документтерди колдонуу боюнча 20 факт, кош жарандуулук боюнча 36 факт, ошондой эле 2 миллиард теңгеге жакын суммадагы аткезчилик боюнча 299 факт жана импорт боюнча 27 факты. жана автотранспорт каражаттарын жасалма документтерди колдонуу менен алып чыгуу фактылары аныкталган.

Ошондой эле, миграциялык мыйзамдарды бузган 909 адам административдик жоопкерчиликке тартылган. 28-августка карата өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат, деп баса белгиледи УКК.

Буга чейин Касым-Жомарт Токаев өкмөткө абалды жөнгө салууну тапшырган. Ага дейре бир нече күн казак-кыргыз чек арасында жүк ташуучу унаалардын тыгыны жаралган. Казак тарап муну баңгизатка каршы текшерүүлөр жүрүп жатканы менен түшүндүргөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>