Сегиз мугалим ТҮРКСОЙ уюмунун сыйлыгына ээ болду. Фамилиялары

Сегиз мугалим ТҮРКСОЙ уюмунун сыйлыгына ээ болду. Фамилиялары

“Санарип билим жана жашыл көндүмдөр” аталышындагы педагогдордун август конференциясында бир катар билим жана илим тармагынын өкүлдөрү Түрксой эл аралык уюмунун сыйлыгы менен сыйланышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Сыйлангандар:

— Алыбаев Сабырбек Медербекович — Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин тарых мугалими,

— Асаналиева Кыял Айбашевна — К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультетинин доценти,

— Астанов Шавкатбек Азамбаевич – Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин деканынын м.а.,

— Жунушалиева Мөөркан – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун А.Албаков атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты боюнча ардагер мугалими,

— Кадыров Абдинаби Азабаевич – Баткен мамлекеттик университетинин «Айгүл-Тоо» маданий-тарыхый музейинин жетекчиси,

— Мамбетакунова Нургул Барктабасовна – Билим берүү жана илим министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси,

— Эшматов Рысбек Канатбекович – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кыргыз адабиятынын тарыхы бөлүмүнүн улук илимий кызматкери,

— Акматов Кыялбек Камутович — Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, доцент.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>