Казакстанга жөнөтүлө турчу аскердин саны айтылды

Казакстанга жөнөтүлө турчу аскердин саны айтылды

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев өздүк курамдан 150 аскердин жөнөтүлөөрүн болжоп жатканын билдирди.

«Бул жыйындын жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы же, бир нече мамлекеттин ортосундагы аскердик сырлар тууралуу сөз болуп калышы мүмкүн. Ошол себептен, жыйындын жабык өтүшү туура болмок. Ар кандай маселелер козголуп кете турган болсо, жабык өтүүсүн суранабыз. Бирок президент Садыр Жапаров эл көрсүн деген таризде ачык өтүүсүн суранды. Ошол кезде аскердик сырларды ачыктабаганга аракет кылышыңыздарды суранат элем. Маселе сырларды ачууга жете турган болсо, анда биз төраганы жыйынды жабык өтүүсүн суранабыз» — деди Ташиев

Ошондой эле УКМК төрагасы Казакстанга жөнөтүлө турчу аскерлер боюнча айта кетти.  Ал «өздүк курамдан 150 аскер, 8 брондолгон техника, 11 автомобилдик техника жөнөтүлөт» — деди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>