Казан форуму: Кыргызстан ислам дүйнөсү менен экономикалык кызматташууну күчөтүүгө даяр

15-майда Казан шаарында «Орусия – Ислам дүйнөсү: Kazan Forum» XVII эл аралык экономикалык форуму өттү. Анын пленардык сессиясында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев баяндама жасады.
Данияр Амангелдиев өз баяндамасында Кыргызстандын өнүгүү динамикасы тууралуу маалымат берген. Ал 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) реалдуу өсүшү 11%дан ашканын, ал эми өнөр жай секторунда 119 жаңы ишкана ишке киргизилгенин билдирген. Ошондой эле инвестиция, жогорку технология жаатында жасалып жаткан иштер жана жетишкендиктер тууралуу айтып берген.
Мындан тышкары, Амангелдиев Ысык-Көл облусунда «Тамчы» финансылык-инвестициялык аймагы түзүлө тургандыгын, экологиялык таза адал продукциянын экспортун кеңейтүү пландары бар экенин жарыялаган.
Сөзүнүн соңунда Kazan Forumдун жана Татарстандын раиси Рустам Миннихановдун Орусиянын ислам дүйнөсү менен байланышын чыңдоодогу негизги ролун белгилеп, Кыргызстан диалогго, инвестицияга жана жаңы демилгелерге ачык экенин билдирген.
«Биз ишенимдүү өнөктөш болууга жана Евразиянын жана ислам дүйнөсүнүн калыптанып жаткан жаңы экономикалык архитектурасынын активдүү катышуучусу болууга даярбыз», – деген ал.