Өкмөт өлкөгө кайтып келген мигранттарды колдоо программасын бекитти

Кыргызстандын Министрлер кабинети 2026–2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасын бекитти. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Программанын максаты — чет мамлекеттерден кайтып келген жарандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү системасын түзүү жана алардын социалдык-экономикалык адаптациясын камсыз кылуу. Ошондой эле жарандардын кесиптик жана ишкердик потенциалын өлкөнүн өнүгүүсүнө пайдалануу каралган.
Программанын негизги багыттары:
- экономикалык колдоо механизмдерин киргизүү;
- иш менен камсыз кылууга жана өз алдынча эмгектенүүгө көмөк көрсөтүү;
- кесиптик кайра даярдоону уюштуруу;
- чет өлкөлөрдө алынган квалификацияларды таануу механизмдерин өнүктүрүү.
Программада мигранттардын үй-бүлөлөрү үчүн социалдык жана психологиялык адаптация чаралары, адистештирилген колдоо борборлорун түзүү жана маалыматтык санариптик платформаларды өнүктүрүү талаптары камтылган.
Мекеменин маалыматында, бул Программаны кабыл алуу миграциялык чакырыктарга, анын ичинде кабыл алуучу өлкөлөрдүн мыйзамдарындагы өзгөрүүлөргө жана геосаясий факторлорго байланыштуу. Ишке ашырыла турган чаралар жарандардын өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушуна интеграцияланышына жана калктын иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатууга багытталган.