Сыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болду
Кегетидеги трагедия: унаанын сууга кулап кеткенинин чоо-жайы
24.06.2026 | 10:12

Чүй облустук ИИББдин (Ички иштер башкы башкармалыгы) басма сөз кызматы Reporter.kg’ге Кегети капчыгайында болгон трагедиянын чоо-жайын айтып берди.
Мекеменин маалыматына ылайык, эки үй-бүлө балдары менен эс алганы барышкан. Жерине барганда эркектер айлана-чөйрөнү карап чыгуу үчүн унаадан түшүшкөн.
«Унаанын ичинде эки аял жана беш бала калган. Бул учурда эңкейиште токтотулган унаа өзүнөн-өзү артка жылып, сууга кулап түшкөн. Аялдар жана үч бала сыртка чыгууга үлгүрүшкөн, бирок 12 жаштагы кыз менен 6 жаштагы бала чыгууга үлгүрбөй калышкан. Унааны суу агызып кеткен», — деп кошумчалашты басма сөз кызматынан.
Буга чейин ӨКМ 12 жаштагы кыздын сөөгү табылганын, ал эми экинчи баланы издөө иштери уланып жатканын билдирген. Болуп өткөн окуянын жагдайларын аныктоо үчүн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, Кегети капчыгайында унаа жардан дарыяга кулап кеткен.
Анара Мамытова
Теги: ГУВД, Кыргызстан