Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Келерки жылы Токмокто КамАЗ автобустары чыгарыла баштайт
19.11.2021 | 16:24
Бүгүн Бишкекте кыргыз-татар бизнес форуму өтүп жатат, ага Татарстандын президенти Рустам Минниханов келди. Иш-чаранын алкагында бир нече келишимдерге кол коюлду, анын ичинде КамАЗ автобустарын чыгаруу боюнча дагы келишим түзүлдү.
Кол коюуга Татарстандын (РФ) президенти Рустам Минниханов жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев катышты.
Өндүрүш 2022-жылы Токмокто ачылат. Автобустар газ күйүүчү май менен жүрөт. Экономисттер ишкананын максималдуу жүктөмү күнүнө эки автобус болорун эсептеп чыгышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом