Кемин: Көрүстөндөгү темир тосмолорду уурдаган киши колго түштү

Кемин: Көрүстөндөгү темир тосмолорду уурдаган киши колго түштү

Кемин районунда көрүстөндүн темир тосмолорун уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Кемин районундагы көрүстөндө белгисиз адамдар темир тосмолорду талкалап кетишкени тууралуу маалымат тараган.

Окуя болгон жерге Кемин РИИБдин кызматкерлери барышып, 2022-жылдын 10-февралында тергөөгө чейинки текшерүү учурунда аталган көрүстөндө белгисиз адамдар темир тосмолорду жашыруун уурдап кетишкенин аныкташкан.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча бир катар ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Натыйжада бул кылмышка шектелип 1983-жылы туулган И.А. кармалган. Милиция кызматкерлери аны суракка алуу учурунда ал күнөөсүн мойнуна алып, темир тосмолорду материалдык пайда көрүү максатында уурдап кеткендигин түшүндүргөн.

Учурда ал адам Кемин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>