Акаев: Министр Бейшеналиевди коркуткандарга иш козголсун

Акаев: Министр Бейшеналиевди коркуткандарга иш козголсун

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин коркуткандар кимдер экенин аныктап, ага кылмыш козголушу керек. Мындай талапты Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламент жыйынында президенттин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмас Абытовго койду.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев  бир катар реформаларды жасайм деп жатат. Министрлер кабинетинин бакыйган өкүлү, “мен үйүмө уктай албай атам, олигархтар мени издеп жүрөт, башыңа кирпич кулап кетиши мүмкүн”- деп ачык айтып чыкты. Бул эми ачыктан-ачык коркутуу да. Министрлер кабинетинин мүчөсүнө болгон коркутуу. Элге ачык айтып чыккандан кийин кылмыш иши козголушу керек. Кимдер коркутуп жатат, кимдер телефон чалды, кимдер акча сунуштап жатат? Мунун баары айтылышы керек. Бул боюнча кылмыш иши козголдубу? Башкы прокуратура, ИИМ тарабынан кылмыш иши козголуп, коркутуулар ким тарабынан болуп жатканын аныкташыбыз керек да”— деди Жанар Акаев.

Ал эми президенттин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмас Абытов  “Министрлер кабинети жөнүндө мыйзамдын талаптарына ылайык тиешелүү иштерди жүргүзөбүз”- деп жооп берди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>