Кемпир-Абад маселеси боюнча активисттердин үйлөрү тинтилүүдө

Кемпир-Абад маселеси боюнча активисттердин үйлөрү тинтилүүдө

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Жеңиш Молдокматов, Асия Сасыкбаева, Равшан Жээнбеков, Эрлан Бекчороев, Перизат Суранова, Рита Карасартова, Али Шабдан, Гульнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Кенешбек Дуйшебаев, Кубаныч Кадыров, Айданбек Акматов, Улугбек Маматаев жана Акыл Айтбаевдердин үйлөрү тинтилип жатканы кабарланууда.

Алардын бири Жеңиш Молдокматов Фейсбуктагы баракчасында түз эфирде  таң атпай келип үйүн тинткенин жарыя кылды.

Ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычы Кыргызстандыкы экенин айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылып аталган суу сактагычты Өзбекстанга бербеңиз, жанындагыларды укпаңыз, элди угуңуз деп кошумчалады.

Ошол эле маалда Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Равшан Жээнбеков менен Эрлан Бекчороевдин дагы үйү тинтилип жатканын өздөрү социалдык тармактагы баракчаларына жазды. Ал эми Асия Сасыкбаеваны кармап кеткенин анын тарапташтарынын бири Жакшылык Бердибек уулу социалдык тармакка айтып чыкты.

«Кемпир-Абадды коргоо» комитети кечээ, 22-октябрда түзүлгөнү кабарланган.   Буга чейин Өзгөндө Кемпир-Абадды коргоо боюнча Элдик Курултай өткөрүшкөн болчу.

Президент Садыр Жапаров кечээ «Кабар» маалымат агенттигине маек берип жатып Кемпир-Абад маселеси боюнча түшүндүрмө берген.

 Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>