Баткенде ата-баланы өлтүргөндөрдү кармоодо үч милиционер жарадар болду. Чоо-жайы

Баткенде ата-баланы өлтүргөндөрдү кармоодо үч милиционер жарадар болду. Чоо-жайы

Баткен облусунун Кадамжай районунда үй-бүлөгө кол салып, ата-баланы өлтүрүүгө шектүү делген жарандарды кармоо учурунда алар милиция кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүшкөн. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122- беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-7-16-пунктарында каралган кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышты 1994-жылы туулган А.уулу Ф. менен бирге 2003-жылы туулган Б.А.  жасагандыгы аныкталып, издерин жашырып качып жүрүшкөн.   

22-октябрда райондук ИИБдин өздүк курамы тарабынан ыкчам-издөө иштерин жүргүзүү учурунда, Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Сарыбай айылындагы жаңы курулуп жаткан мечиттин чатырында эки жаран ок атуучу курал менен жаткандыгын ошол мечитте иштеп жатышкан усталар көрүшүп, жакын жашаган жарандарга билдиришкен.

Бул маалыматты тактоо үчүн милиция кызматкерлери тез арада барган учурда, белгисиз эки жаран ок атуучу курал менен каршылык көрсөтүшүп, Марказ айыл аймагынын Сарыбай айылынын үстүндөгү түштүк-чыгыш тоо тарапка качып жөнөшкөн.

Аларды кармоо максатында Кадамжай РИИБдин  өздүк курамы,  ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын  ыкчам кызматкерлери жана  ИИМдин Ош облусу боюнча атайын багыттагы полкунун 3-батальонунун кызматкерлери артынан кууп барышып, куралдуу каршылык көрсөтүү кылбастан өз ыктыярлары менен багынып берүү жөнүндө катуу үн чагыруучу (громкоговоритель) жабдык менен эскертүүсүнө карабай, милиция кызматкерлери тарапка ок атуучу курал менен ок чыгарып, аткылай баштаганда, 3 милиция кызматкери жаракат алышып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жиберилген.

Ал эми, кылмышка шектүү А.Б. мыйзамдуу талаптарга баш ийип, багынып, жерге жатып берген. Бирок, кылмышка шектүү А.у.Ф. өзүнүн ок атуучу куралы менен кайрадан милиция кызматкерлери көздөй атып, каршылык көрсөтө баштаган.

Милиция кызматкерлери тарабынан биринчи ирет бутуна атылганына карабай куралдуу каршылык көрсөтө бергендиктен, башына ок тийип каза болгон.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүүдө, шектүүлөр өздөрү менен бирге алып жүргөн №F6368 сандуу үстүндө сайлуу (ТОЗ-8) жана сайсыз 28 каллибрдеги кош атар болгон ок атуучу куралы, уктоочу кап(спальный мешок), эки даана кара түстөгү асынуучу сумкалардын (рюкзак) ичинде жашоого шарт түзүүчү буюмдары менен кийимдер, ок-дарылары жана окту жасоого керектүү шаймандар (порох, дробь, эки түрдүү коргошундар) табылып, далил катары алынган.

Азыркы учурда, кылмышка шектүү 2003-жылы туулган Б.А. райондук ИИБнө камсыз кылынып, алдын ала сурамжылоодо жогорудагы кылмыш ишин А.уулуФ. менен бирге жасашканын билдирди.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Буга чейин үй-бүлөгө кол салуу фактысы 18-октябрда саат 22.00 чамасында катталган. Көк-Талаа айылындагы үйлөрдүн бирине белгисиз адамдар куралдар менен кирип, 61 жаштагы Ш.Кны көкүрөк жана башына, анын 29 жаштагы баласы Р. К.уулун башка ок атышкан.

Ошондой эле 59 жаштагы Ш.Мдин (Ш.К.нын аялы) башына балта менен урган. Андан кийин мал сарайын өрттөп, короодо турган Honda CR-V унаасын өрттөөгө аракет кылып, окуя болгон жерден качып кетишкен.

Октон жараат алган Ш.К. менен Р. К. уулу окуя болгон жерде каза тапкан. Ал эми жараат алган Ш.М. Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилген.

Баткендеги үй-бүлөгө кол салуу: Ата-бала каза болуп, эне ооруканага түштү

Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>