Кербендеги 23 млн сомдук базар мамлекетке кайтарылды

Кербендеги 23 млн сомдук базар мамлекетке кайтарылды

Жалал-Абаддын Кербен шаарындагы 23 млн сомдук борбордук базар мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардык мэриянын карамагындагы борбордук базар 2012-жылы Б.М. аттуу жаранга 5 жылга ижарага берилген. Ижара келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин аталган жаран коммуналдык кооператив менен базарды сатуу-сатып алуу келишими бар деп мэрияга ижара акысын төлөөнү токтотуп, жергиликтүү бийлик менен соттошо баштаган.

УКМК билдиргендей, текшерүү учурунда аянты 1,79 гектар болгон базар 2003-жылдан бери мэриянын баласында болгону аныкталган. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен Б.М. аттуу жаран базарды мэрияга кайтарып берген.

Аталган базардын аймагында мал, дан, жайма жана унаа базарлары жайгашкан. Анын баасы 23 млн сомго жетет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>