Иран Каспий деңизиндеги кемеге жасалган сокку үчүн Киевге жооп кайтарарын эскерттиКараколдо айыл чарба багытындагы жерге мыйзамсыз курулган турак үй сүрдүрүлдү — кылмыш иши козголдуСоң-Көлдөн 6 чакырымдан ашык мыйзамсыз балык уулоочу тор табылдыПутин Орусияда мигранттардын жүрүү эрежелерин катаалдаштырган мыйзамдарга кол койду«Кыргызстандын ЖОЖдору КРСУдан үлгү алышы керек» — Маматалиев «Жаштык Аренадагы» бүтүрүү кечеси тууралуу27-июль: Кыргызстанда абанын температурасы +38°C чейин жетип, айрым жерлерде өткүн өтөт
«Керемет Банктын» төрайымы болуп Татьяна Куржей дайындалды
18.09.2024 | 09:26
“Керемет Банк” ААКсынын башкармалыгынын курамында өзгөрүүлөр болду. Ага ылайык, банктын башкармалыгынын төрайымы кызматына Татьяна Куржей дайындалды. Бул тууралуу “Акчабар” жазды.
Буга чейин бул кызматты аркалап келген Тимур Бербаев өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде кызматтан кеткен.
Эске салсак, 16-сентябрда “Акчабар” бул кызматка Татьяна Куржей келерин өздүк булактарына таянып жазган. Ал банк тармагында чоң тажрыйбага ээ. Буга чейин Казакстандагы “Евразия банкы” АК башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом