Таластагы «Баластан» өнүктүрүү борбору Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата ачылат

Таластагы «Баластан» балдарды өнүктүрүү жана оюн-зоок борборунун курулушу 70 пайызга аяктады. Объектти Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата ачуу пландалууда, деп билдирди президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев.
Анын айтымында, курулуш иштери графикке ылайык жүрүп жатат, ал эми объектти пайдаланууга берүү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтөт.

Джумаев белгилегендей, долбоорду ишке ашыруу шаардын жана облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет. Борбордо 500гө жакын жумуш орду түзүлөт.
Комплексте соода жайлары, боулинг, кинотеатр, балдар үчүн оюн аянтчалары, робототехника борбору, заманбап музей, фуд-корт жана башка кызмат көрсөтүүчү объекттер жайгашат. Долбоор президенттин колдоосу менен ишке ашырылууда.
Комплекстин жалпы аянты 6,5 гектарды түзөт жана ал тогуз корпусту камтыйт. Толук ишке берилгенден кийин «Баластан» Талас шаарындагы эң ири маданий-эс алуу жана коомдук борборлордун бирине айланышы күтүлүүдө.
Мындан тышкары, комплексте заманбап аттракциондор, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын оюн аянтчалары, кинотеатр, конгресс-зал, коомдук тамактануу жайлары жана үй-бүлөлүк эс алуу үчүн башка инфраструктура каралган.