КОСУнун студенти «Жайкы университет – 2026» долбоорунун байге ээлеринин катарына кирди

Кыргыз-Орус Славян университетинин (КОСУ) студенттери Казан федералдык университетинин базасында өткөн «Жайкы университет – 2026» эл аралык билим берүү долбооруна катышты. Катышуучулардын бири байгелүү орунга ээ болду.
ЖОЖдун басма сөз кызматы билдиргендей, быйыл бул долбоорго дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн 430 адам катышты. КОСУнун атынан Ангелина Булатова, Екатерина Бударина, Акчолпон Кармышакова, Полина Нургалеева жана Бегимай Болотбековна Маметкабылова барышты.
Катышуучулар үчүн орус жана англис тилдеринде 20дан ашык билим берүү программасы уюштурулду. Алар программалык инженерия, жасалма интеллект жана санариптик продуктулардан баштап бизнес-аналитика, архитектура, дизайн, астрономия, астрофизика жана гуманитардык илимдерге чейинки кеңири багыттарды камтыды.

КОСУнун катышуусундагы башкы жыйынтыктардын бири — студент Ангелина Булатованын байгелүү орунду ээлеши болду. Ал FUTURE COMMONS эл аралык командасынын курамында эмгек мигранттары үчүн адаптациялык борбор болгон PEACE HAND долбоорун сунуштады.
«Орусия эшигин ачат» («Россия открывает двери») билим берүү трегинин катышуучулары иштеп чыккан долбоорлорду жактоонун жыйынтыгы менен бул демилге үчүнчү орунду ээледи.
Долбоор эмгек мигранттарын комплекстүү колдоочу борборду түзүүнү карайт. Ал социалдык жана маданий адаптацияга, укуктук жактан коштоого, маалымат берүүгө жана кабыл алуучу коомго интеграцияланууга (аралашууга) жардам берет.
КОСУдан белгилешкендей, долбоорго катышуу студенттерге университетти эл аралык аянтчада таанытууга, ондогон өлкөлөрдүн жаштары менен тажрыйба алмашууга жана эл аралык командаларда иштөөнүн практикалык көндүмдөрүн алууга мүмкүндүк берди.