Кесиптик билим берүү уюмдарынын өзүн өзү каржылашы күтүлүүдө

Кесиптик билим берүү уюмдарынын өзүн өзү каржылашы күтүлүүдө

Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясы Бюджеттик кодекске, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Фракция лидери Жанарбек Акаев белгилегендей, сунушталган мыйзам долбоору кесиптик-техникалык билим берүүчү окуу жайлардын ишмердигинде ийкемдүү системаны түзүүгө, кесиптик билим берүү уюмдарынын финасылык өз алдынчалыгын камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталып, билим берүү системасында олуттуу өзгөрүүлөр болушу күтүлөт. Ал эми бюджеттик мыйзамдардын колдонуудагы нормаларынын учурдагы конфигурациясын пайдаланганда кесиптик-техникалык окуу жайлардын алдында коюлган максаттарга жетишүүгө мүмкүн эмес.

“Бул мыйзам долбоорунда камтылган өзгөртүүлөр аркылуу түзүлө турган системада мамлекеттик бюджетке кесиптик билим берүү жагынан келүүчү социалдык жүктөм бара-бара азаят. Кесиптик-техникалык окуу жайлар өздөрүнүн өнүгүшү үчүн өздөрү иштеп таба баштайт, өздөрүнүн материалдык-техникалык базасын жакшыртат, окуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзөт, ошол эле учурда мамлекеттик бюджеттин каражаттар коротулбайт”, — деген Ж.Акаев аталган мыйзам долбоору боюнча бардык кызыкдар тараптардын катышуусунда кеңири талкуулар болгонун эске салды.

Талкуу маалында Финансы министрлигинин сунуштары угулуп, ошондой эле кесиптик лицейлердин өкүлдөрү өз пикирлерин билдиришти. Алар сунушталып жаткан мыйзам долбооруна колдоо көрсөтүп, түзөтүүлөрдүн кабыл алынышы кесиптик-техникалык билим берүү системасынын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөөрүн айтышты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору депутаттардын сунуштарын эске алуу менен жактырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>