Кезек күткөн жүк ташуучу унаалар: Чек ара кызматы үн катты

Кезек күткөн жүк ташуучу унаалар: Чек ара кызматы үн катты

Бүгүн, 18-апрелде саат 11:00гө карата «Ак-Тилек-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагында 300гө жакын жүк ташуучу унаа чек арадан өтүү үчүн кезекте турганын жана 25 унаа жол жээгинде жок документтерин күтүп турушат. “Чалдыбар-автодорожный” өткөрүү пунктунда 70тен ашык жүк ташуучу унаалар топтолгон. Бул туурасында Чек ара кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, жогорудагы өткөрүү пункттарында жүк ташуучу унаалардын топтолуп калышы казак тараптын унааларды жай өткөрүп жатканынан улам болууда. Ошол эле маалда казак тарап бир тараптуу түрдө унаалардын өтүүсүн убактылуу токтотуп турат, мисалы, бүгүн, 18-апрелде саат 3:30дан 7:30га чейин жүк ташуучу унаалардын өтүүсү жүргүзүлгөн эмес.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана унаалардын топтолуп калышы катталган жок.

Белгилей кетсек, кыргыз чек ара тарабынан жүк ташуучуларга чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө эч кандай чектөөлөр жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>