Кытай Кыргызстанда электромобиль чогултуучу завод курууну пландоодо

Кытай Кыргызстанда электромобиль чогултуучу завод курууну пландоодо

Кытайлык «Евразия Индустри» компаниясы Кыргызстанда жаңы энергия булактарына (электромобилдер) унаа жыйноочу завод курууну пландоодо. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, экономика министри Данияр Амангелдиев менен «Евразия индастри» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Цзян Юйсян кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Меморандумда ошондой эле өлкөдө электромобилдерди тейлөө боюнча тийиштүү инфраструктураны түзүү, тейлөө борборлору, заряддоо жана аккумуляторлорду алмаштыруу станциялары каралган.

Документтин алкагында «Евразия индастри» курулушка 150 миллион доллар инвестиция салууну пландап жатат.

Завод Бишкек шаарында жайгашып, ал жерде 500 жумушчу орун түзүлөт. Өндүрүш үчүн пландалган өндүрүш кубаттуулугу жылына 5000 электромобилди түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>