Чүй облусундагы 30 мектепке экологиялык таза жылытуу системалары орнотулатКыргызстандык Кубаныч Арынов АКШда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль жеңдиБишкектен шаар сыртына каттаган таксилер эми Чыгыш автобекетинен жөнөйтЖилмассивдерди массалык газдаштыруу 2028-жылдан эрте башталбайт — МаматалиевБишкектеги Кожомкул атындагы Спорт ордосун реконструкциялоого даярдык көрүлүүдөДекабрдан тарта укук коргоо органдарынын жана аскер кызматчыларынын айлыгы көбөйтүлөт
Киров суу сактагычындагы суу бир күндө 1,1 млн куб метрге азайды
23.08.2023 | 16:29
Таластагы Киров суу сактагычындагы суунун көлөмү бир күн ичинде 1,1 млн куб метрге азайды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалыматында айтылат.
Министрлик 22-августта берген маалыматка ылайык, суу сактагычта 14,5 млн куб метр суу болгон. Ал эми 23-августка карата суунун көлөмү 13,4 млн куб метрге чейин түшкөн. Ал эми былтыр 23-августта суу сактагычта 100,6 млн куб метр суу бар болгон.
Ошол эле учурда суу сактагычка агып кирген суу да көбөйбөй эле, ал секундасына 0,7 куб метрди түзүүдө. Ал былтыркы жылга караганда 13 куб метрге аз.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом