Кишини унаанын багажнигине салып алган айдоочу кармалды — видео

Кишини унаанын багажнигине салып алган айдоочу кармалды — видео

Бишкекте адамды унаасынын багажнигине салып алган Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда Mercedes-Benz унаасынын жүк салган бөлүгүндө белгисиз жарандын буту көрүнүп, колу чыккан абалда бара жатканы тартылган видео тараган.

Аталган видеого бпайланыштуу кайгуул кызматкерлери 21 жаштагы К.А. аттуу айдоочуну кармашкан.

Айдоочунун айтымында, багажниктеги адам анын тууган агасы болот. Алар Ала-Арчага эс алууга барып, агасы мас болуп калган. Ал мас абалында болгондуктан, иниси агасынын макулдугу менен аны унаанын багажнигине салып, шаарга алып келген.

Аталган окуяга байланыштуу жана айдоочунун жанында айдоочулук күбөлүгү жок болгондуктан, ага 8,5 миң сом айып пул салынган. Унаа айып аянтчасына токтотулган.

Кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>