Министр китепканачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Министр китепканачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов өлкөнүн китепканачыларын кесиптик майрамы менен куттуктады, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, бүгүн 27-май Кыргызстанда китепкана күнү!

Министрдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

Анда, китепкана — бар байлыктын чордону, нагыз сулуулуктун, анык аруулуктун, бийик парасаттын мекени. Ал бизди ар дайым агартуу менен гана алек. Дүйнө кандай тездик менен өнүкпөсүн, технология канча ийгиликке жетишпесин, тарыхтан келечекке карай узанган урабас көпүрө китеп менен курулат. Китеп бизге чейин жашаган, бизден кийин да жашай берет. Биз издеген чыйыр чындыктын, жашоо жандырмагынын баары китеп барактарында катылган.

Китепти аздектеп, таберик тутуп, сыйлаган коомдун келечеги кең, эртеңи жарык, түбөлүгү түз болот деп билем. Жаңы муундун китепке болгон сүйүүсүн арттыруу жана китеп сүйүүчүлөрү үчүн жагымдуу шарттарды камсыздоо менен жаратмандардын жакшы эмгектерине өбөк болуу-биздин маңыз — максатыбыз жана милдетибиз экенин жакшы түшүнөбүз.

Бул максат — милдеттерибиздин кылдат аткарылышы үчүн аракеттерибиз кемибейт, жылдан — жылга күч алат.

Бүгүн 27- май мекенибизде китепкана күнү! Бакыттын байыр алган үйүндө үзүрлүү эмгектенген бардык китепканачыларыбызды өздүк майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Өлкө чыңдыгына курулган чепке коюлган тирөөч сымал кандай мезгил болбосун, кандай шарттар келсе да, кызматыңыздарды кынтыксыз улантып келе жатканыңыздар алкышка татыйт. Учурга утурлай, ар бириңиздерге болоттой ден соолук, жаркын жашоо жана өмүр берекесин тилейм. Биз максат кылган бийиктиктерди бирге багынтабыз деп ишенем. Дагы бир ирет майрамыныңыздар куттуу болсун, ардактуу кесип ээлери!

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Китепкана

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>