Дарыгер бейтаптан 14 миң сом алып жаткан жеринен кармалды

Дарыгер бейтаптан 14 миң сом алып жаткан жеринен кармалды

Бишкекте дарыгер майыптык каттоо үчүн акча талап кылып кармалды. Бул тууралуу Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, жергиликтүү тургун Ж.О. 3-февралда Нарын облустук ооруканасынын дарыгери аны жана кызын Бишкектеги Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборуна жөнөткөн.

Арыз ээсинин айтымында, аталган борбордо 18 жаштагы кызында психикалык бузулуулар жок болгонуна карабастан, адис экинчи топтогу майыптык баракчасын берип, кыздын аракетке жөндөмсүздүгү боюнча корутундусун берген. Республикалык борбордун кызматкери көрсөткөн кызматы үчүн мыйзамсыз 14 миң сом талап кылган.

Аталган факты РИИБге катталып, 208-берененин «Пара талап кылуу» боюнча кылмыш иши козголгон.

Борбор калаада Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун кызматкери Ж.Одан 14 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Оперативдүү кызматкерлер акчаны медиктин жанына алып жүргөн пакетинен табышкан.

Кармалган жаран 45 жашта, Нарын шаарынын тургуну. Бишкекте жашайт. Ал убактылуу кармоочу жайга камалып, андан соң соттун чечими менен күрөөгө бошотулган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, жабырлануучу кыздын оң кулагынын тубаса дүлөйлүгү бар. Кыздын бул өзгөчөлүгү аракетке жарамсыздыкка алып келер-келбесин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Арыз ээсинин кызынын психикалык абалы да текшерилет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>