ККМдин эски үлгүлөрү 1-марттан тарта өчүрүлө баштайт

ККМдин эски үлгүлөрү 1-марттан тарта өчүрүлө баштайт

Быйыл 28-февралда фискалдык модуль менен иштөө  функциясы жок контролдук-кассалык машиналарды колдонуу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Салык кызматы белгилегендей, буга чейин ККМдин жаңы моделдерине өтүү мөөнөтү 2023-жылдын 1-мартына чейин узартылган. Бул ишкерлерге салык милдеттенмелерин аткарууда  ККМди колдонуу бөлүгүндө көмөк көрсөтүү максатында жасалган.

1-марттан тартып бардык ККМ фискалдык модуль менен иштеши керек, ал эми белгиленген техникалык талаптарга жооп бербегендер (эски үлгүлөр) мажбурлоо тартибинде өчүрүлөт.

ККМ колдонуудан чыгарылса кассалык чек берүү аркылуу калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берилбейт, бул кийин административдик жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.

Салык кызматы соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана ККМди колдонууга милдеттүү болгон ишкерлерди көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин колдонуудагы ККМди модернизациялоого же жаңылоого чакырат.

«Бул үчүн операторлордун тейлөө борборлоруна жана техникалык тейлөө борборлоруна кайрылуу зарыл. Адатта, мөөнөттүн акыркы күндөрү бардык тейлөө борборлорунда жана ТТБда көптөгөн кезек күтүүлөр жаралат. Кезек күтүүгө убактыңызды коротпоңуз, операторуңузга же ТТБга азыр кайрылыңыз», — деп билдирет Салык кызматы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>