КМШ оюндары: Кыргызстандын курама командасы 27 медаль жеңди

КМШ оюндары: Кыргызстандын курама командасы 27 медаль жеңди

4-августта башталган II КМШ оюндары 13-август күнү Беларусиянын борбору Минск шаарында жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган оюндарга жалпы 20 мамлекеттен Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан, Азербайжан, Түркменистан, Монголия, Армения, Пакистан, Ливан, Венесуэла, Малайзия, Йемен, Бахрейн, Куба, Оман, Египет, Кувейт, Бириккен Араб Эмираты, Вьетнам, Орусия, Иран мамлекеттеринен 2000 ден ашык спортчу катышты.

Мелдештер Беларусиянын 11 шаарында (Минск, Орша, Брест, Витебск, Гомель, Грондо, Могилев, Борисов, Солигорск, Молодчено, Жлобин шаарларында өтүп, спорттун 20 түрүнөн 1672 комплект медаль ойнотулду.

Кыргызстандын курама командасы жалпы 27 медаль (1 алтын, 8 күмүш, 18 коло) жеңип, командалык эсепте 7-орунду ээледи.

Командалык эсепке алтын медалды кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Нурзат Нуртаева алып келди.

Ал эми күмүш медалдарды командалык оюндардан футзал боюнча улуттук курама команда, кыз-келиндер күрөшүнөн Дилназ Сазанова, грек-рим күрөшүнөн Улан Муратбек уулу, бокс боюнча курама командадан Зафарбек Камилов, Алмаз Орозбеков, Мухаммадрасул Закиров, самбодон Кайрат Жусуп уулу жана Жамалбек Асылбек уулу алып келишти.

Ошондой эле, грек-рим күрөшүнөн Нурмухаммед Абдуллаев (60), Баяман Каримов (63 кг), Самат Аманат уулу (67 кг), Ырысбек Максатбек уулу (77 кг), Адилхан Нурланбеков (72 кг), эркин күрөштөн Мухаммад Расул Салиев (57 кг), Абдумалик Карачов (61 кг), кыз-келиндер күрөшүнөн Бермет Нуридин кызы (59 кг), оор атлетикадан Муратбек Ишенбек уулу (67 кг), бокстан Эмир Кылычбеков (57 кг), тай бокс боюча курама командадан Жеңишбек Парпы уулу (51 кг), Раатбек Нурмаматов (54 кг), Адилет Календеров (57 кг), Алмагүл Жоробекова (61 кг), Руслан Данияр уулу (67 кг), самбодон Динара Камчыбекова (72 кг), Акак Үсөн кызы (54 кг), Каратэ-до боюнча Екатерина Руренко (+68 кг) коло медалдын ээлери болушту.

Белгилей кетсек, КМШ оюндарынын желеги расмий түрдө Азербайджан өлкөсүнө берилди. III КМШ оюндары 2025-жылы өткөрүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>