КМШ саммити. Жогорку Кеңеш отурумун кийинки аптага жылдырды

КМШ саммити. Жогорку Кеңеш отурумун кийинки аптага жылдырды

Эртең, 12-октябрда Жогорку Кеңештин отуруму өтпөйт. Бул боюнча чечим бүгүнкү жыйында 66 добуш менен кабыл алынды.

Депутат Жаныбек Кыдыкбаев КМШ өлкөлөрдүн президенттеринин саммити өтүп жаткан күндөрү шаарда ыңгайсыздык жаратпоо үчүн эртеңки отурумду кийинкиге которууну сунуштады.

«Эртең саммитке байланыштуу жолдор жабылат. Министлер кабинетинин мүчөлөрү дагы ал жакта болушат. Ыңгайсыздык жаратпайлы», — деди ал.

Вице-спикер Жамиля Исаева министрлер эртең жогорку даражалуу конокторду тосуп, парламентке келе албастыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, эртең Бишкекке Россиянын президенти Владимир Путин расмий иш сапар менен келет. 13-октябрда КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилеринин саммити өтөт. Ага байланыштуу борбор каалада мектептер жана жогорку окуу жайлары онлайн окууга өткөрүлдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>