Бишкекте ишкер карыздын айынан 2 адамды уурдоого буйрутма берген

Бишкекте ишкер карыздын айынан 2 адамды уурдоого буйрутма берген

Бишкекте уурдалып, 6 күн бою барымтада болгон эки жаран бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 9-октябрь күнү уурдалган жарандардын туугандары милицияга кайрылып, алардан 160 миң доллар акча талап кылынып жатканын кабарлашкан.

Атайын операциянын жүрүшүндө 6 күн бою барымтада болгон  23 жана 30 жаштагы жарандар мейманканадан  табылды.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүгү (эки же андан ашык адамга карата жасалган адам уурдоо) менен кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектелип үч киши кармалды. Алардын экөө жеке күзөт агенттигинин кызматкерлери. Кылмыштуу уюштурууга жана буйрутма берүүгө  ишкер шектелүүдө.

«Ишкер финансалык талаш-тартыштар, пикир келишпестиктер жана карыз маселесинен улам кылмышка барган», — дейт ИИМ.

Шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда баңгизат, травматикалык тапанча жана бычак алынган.

Милиция күзөт агекттигинин кеңсесинде дагы тиндүү жүргүзүп,  ок атуучу курал, 3 травматикалык тапанча жана окторду тапты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>