Жалал-Абаддагы резонанстуу окуя. Милиция башчысы менен орун басары кызматтан алынды

Жалал-Абаддагы резонанстуу окуя. Милиция башчысы менен орун басары кызматтан алынды

Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарындагы резонанс жараткан окуяга байланыштуу облустук милициянын башчысы Жеңиш Абитов жана анын орун басары Ильяс Касымбаев кызматтан алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Белгилүү болгондой, 27-мартта милиция Кочкор-Атанын тургунун күч колдонуп кармаган (милициянын маалыматы боюнча, ал атайын багыттагы кызматкерлердин талаптарына баш ийген эмес). Аны көргөн баласы атасына болушуп милиционерлерди чуркап келип секирип тепкен. Андан кийин ал кайра милиция тарабынан ур-тепкиге кабылган. Бул окуянын баары видеого түшүп калып, соцтармактарга тарап, резонанс жараткан. Коомчулук милициянын иш-аракетин сынга алган.

ИИМ аталган окуя боюнча жооптуу кызматкерлерге карата кызматтык иликтөө жүргүзүлгөнүн билдирди. Анын жыйынтыгы менен тартиптик уставдын талаптарынын бузулгандыгы, кол алдындагы кызматкерлердин арасында мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышына жетиштүү көзөмөл жүргүзүлбөгөндүгү, бейбаштык фактысы менен козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамдуу аракеттердин жүргүзүлбөгөндүгү, шектүү же айыпкер катары аныктала элек жарандарды кармоодо милиция кызматкерлери коомдук жайда эскертүүсүз күч колдонгондугу аныкталган.

Натыйжада бул окуя коомчулукта кызуу талкууланып, милиция кызматкерлеринин аброюна шек келтирилгендиги үчүн, ИИМдин буйругу менен, Жалал Абад облустук милициянын башчысы Жеңиш Абитов жана анын орун басары Ильяс Касымбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Ошондой эле ушул буйрук менен  облустук милициянын 13 жетекчи кызматкерине тартиптик жазалар берилди.

Эскерте кетсек, спецназ кармап кеткен Санжар Нышанкулов аттуу жаран 29-мартта эки айга камакка алынган. Ал эми уулу ооруканада дарыланууда.

«Үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу». Кочкор-Атада спецназ күч менен кармаган жаран 2 айга камалды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>