Кочкор районунда алгачкы «Айсберг» салаты жыйналды — гектарынан 30 тонна түшүм алынды

30.07.2026 | 15:27
В Кочкорском районе собрали первый урожай салата «Айсберг» — 30 тонн с гектара — Новости Кыргызстана

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айыл чарба өндүрүшүн диверсификациялоо, заманбап агротехнологияларды киргизүү жана ата мекендик айыл чарба продукциясынын экспорттук потенциалын өнүктүрүү боюнча иштерди ырааттуу жүргүзүүдө.

Бул иштин алкагында Кыргыз-Чех биргелешкен «Экотер» агрокомпаниясы Кочкор районундагы министрликке караштуу «Мамасыл тукум» чарбасынан 20 гектар жерди ижарага алган. Анын 12 гектарына тамчылатып сугаруу системасынын жардамы менен «Айсберг» сортундагы салат өстүрүлгөн.

Учурда алгачкы түшүмдү жыйноо башталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, орточо түшүмдүүлүк гектарына 30 тоннага жакын болуп, бул заманбап өстүрүү технологияларынын жана айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдалануунун жогорку эффективдүүлүгүн көрсөтөт.

Өстүрүлгөн «Айсберг» салаты коңшу өлкөлөргө экспорттолуп, ошондой эле Кыргызстандын ички рыногуна чыгарылууда. Министрликтин маалыматына ылайык, долбоор ата мекендик айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйтүүгө, ички рынокту сапаттуу жашылча менен камсыздоого жана агробизнестин заманбап түрлөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Министрлик мындан ары да айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдаланууга, суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө, инвестицияларды тартууга жана экспортко багытталган өндүрүштү өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоону улантат. Ведомствонун өкүлдөрүнүн айтымында, мындай демилгелер жаңы жумуш орундарын түзүүгө, аймактарды өнүктүрүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого көмөк көрсөтөт.

Scroll to Top