Кыргызстанда бюрократиядан арылтууга багытталган мыйзамдардын пакети кабыл алынды — Юстиция министрлигиКундуз Кырбашева: Кыргызстан «жашыл» диалогдун стратегиялык борборуна айланууда1-сентябрдан тарта мамлекеттик кызматкерлердин жана кенже кызматкерлердин айлык акылары менен кошумча төлөмдөрү жогорулайтБийликти басып алууга чакырык жасаган деген шек менен изделген кыргызстандык Орусиядан экстрадицияланды — УКМКBeta Tea компаниясы Кыргызстанда чай өндүрүүчү фабрика курууну караштыруудаКыргызстанда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөр үчүн бир айга «жашыл коридор» киргизилди
Кочкордо автоунаа ала салып 7 адам жабыркады
15.02.2021 | 10:00
Нарын облусунун Кочкор районунда автоунаа ала салып 7 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 14-февраль күнү саат 07:03 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 170-чакырымында болгон. Анда Honda-Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткен. Автоунаадагы 7 адам ар кандай жеңил жаракаттарды алышып, Кочкор райондук ооруканага тез жардам кызматы аркылуу жеткирилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар