Баткенде мөмө-жемишти кайра иштетүүчү муниципалдык цех ачылдыКыргызстанда курулуш тармагы 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 69,6%га өстүКыргызстанда өзгөчө абалды киргизүүнүн негиздерин кеңейтүүнү каалашат — толугу мененОш шаарында Жолон Мамытов атындагы жаңы сейил бак ачылды14-сентябрь: Кыргызстанда +33°Cка чейин ысыйт, тоо этектериндеги райондордо кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйтБишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды
Кочкордо жаңы заманбап оорукана курулууда
11.05.2026 | 11:03

Нарын облусунун Кочкор районунда үч кабаттуу, эки корпустан турган оорукананын курулушу жүрүүдө. Курулуш республикалык бюджеттен каржыланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Оорукананын жалпы аянты 6 миң 661 чарчы метрди түзөт. Имаратта 40ка жакын бейтап палатасы, төрөт бөлүмү, операциялык блок, биохимиялык лаборатория, реанимация жана стерилдөө бөлүмдөрү, дарыгерлердин бөлмөлөрү, жыйындар залы жана ашкана жайгашат. Имарат лифт менен жабдылат.
Курулуш иштерин «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы аткарууда. Долбоор аймактын калкын заманбап медициналык тейлөө менен камсыз кылууга багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом