Ош — Кара-Суу унаа жолу төрт тилкелүү болуп кеңейтилүүдөБишкекте жылытуу сезону 28-октябрда башталатЭлчиликтен БУУнун Коопсуздук Кеңешине чейин: Кыргыз дипломатиясынын жолуЧүйдөгү Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо иштери улануудаКыргызстандын жаш балбандары Новосибирсктеги «Салттардын күчү» турниринде жети медаль жеңдиКыргызстанда экспорттук көзөмөл жаатында уруксат кагаздарын берүү тартиби жөнөкөйлөтүлөт
Кыргызстанга акча которуулар бир жылга созулган эки эсе өсүштөн кийин алгачкы ирет төмөндөдү
11.05.2026 | 11:32
Евразия өнүктүрүү банкынан (ЕӨБ) билдиришкендей, 2026-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстанга акча которуулар жылдык көрсөткүчтө 1,5%га кыскарды.
Салыштыруу иретинде айтсак: 2025-жылы которуулардын орточо айлык жылдык өсүшү 20%дан ашкан. 2026-жылдын башындагы мындай төмөндөөнү ЕӨБ Орусиядагы экономикалык активдүүлүктүн басаңдашы менен түшүндүрүүдө.
Ошол эле учурда банк өзүнүн оң божомолун сактап калууда. Жылдын калган айларында келип түшкөн которуулардын көлөмүнүн өсүшү кайра жанданат деп күтүлүүдө, бул болсо Кыргызстандын экономикасындагы ички суроо-талапты колдоого алмакчы.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика