Кой-Таш окуясы: Прокурор соттук отурумду жабык өткөрүүнү суранды

Кой-Таш окуясы: Прокурор соттук отурумду жабык өткөрүүнү суранды

Бүгүн, 8-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуялары боюнча соттук отуруму башталды. Анда прокурор отурумду жабык өткөрүүнү суранды.

Анын айтымында, Кой-Таш окуясында атайын кызматтын кызматкерлери Атамбаевди кармоого тартылгандыктан, “Альфа” кызматынын кызматерлеринин коопсуздугу үчүн аларды суракка алуу үчүн отурумду жабык өткөрүү керек.

Бирок жактоочулар алардын отурумга беткап тагынып катыша аларын билдирип, отурумду жабык өткөрүүгө каршы чыгышты.

Ал эми жактоочу Сергей Слесарев “Альфанын” кызматкерлери жүзүн көрсөтүп катышышы керек деген оюн билдирди.

Жактоочулар “Альфанын” кызматкерлери мурда да беткап тагынып суракка катышканын айтышып, отурумду жабык өткөрүүгө негиз жок экен айтышты.

Кой-Таш окуясына быйыл үч жыл толду. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 адамга айыбы угузулган. Учурда бул ишти Биринчи май райондук соту карап жатат.

Биринчи май райондук сотунун имараты алдында Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары акция уюштурушту.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>