Ысык-Көлдө эс алып жаткан эже-сиңди бир өлүмдөн аман калды

Ысык-Көлдө эс алып жаткан эже-сиңди бир өлүмдөн аман калды

ИИМдин кызматкерлери сууга чѳгүп бараткан эже-сиңдилерди куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-август күнү Ысык-Кѳл облусундагы «Алтын-Кѳл» пансионатында ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 1-батальонунун 2-ротасынын кызматкерлери Жалил уулу Шамил жана Искендеров Темирлан сууга чѳгүп бараткан Бишкек шаарынын тургундары  — 32 жаштагы Г.Б жана 27 жаштагы М.Б аттуу эже-сиңдилерди куткарып калышкан.

Кѳл жээгинде эс алып жаткан бир туугандын бирѳѳсү сууга чѳгүп, аны куткарганы барган эжеси дагы чѳгүп жатканын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери байкап калып, ыкчамдуулук менен аракет көрүшүп, аларды аман-эсен куткарып калышкан.

Ѳз убагында ыкчам жардам кѳргѳзүп сууга чѳгүүдѳн куткарып калган милиция кызматкерлерине бир-туугандар ыраазычылык билдиришти.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ысык-Көл

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>